Жугуштуу илдетке чалдыккандар көбөйдү
Новость

Өлкөдө эпидемиялык абал курч бойдон калууда. Соңку бир суткада өпкөнүн кагынышынан 41, коронавирустан 7 бейтап кайтыш болду. COVID-19 дагы 521 кишиден аныкталды. Коронавирусту жуктуруп алгандардын көбү Бишкек шаарынан. Оорулуулар менен жакын байланышта болгондор да арбын, 6 миңден ашык адам үй карантининде.