Саламаттык сактоо министрлиги өпкөнүн сезгенүүсүн коронавирус инфекциясы козгоп жаткандыктан, жугуштуу оору менен пневмонияны экиге бөлүп кароого болбойт деген бүтүмгө келди. Бул тууралуу вице-премьер-министр Аида Исмаилова билдирди.
Азыркы учурда кычкылтек концентраторлорун даярдап, күндүзгү жана түнкү стационарлардын иши күчөтүлүп, бардык аракет эпидемияны жеңүү үчүн көрүлүп жатат.