Актөбөдө кылмышкерлер балдар лагерин аткылоого алышты
Новость KTRK/videograp

Актөбөдө кылмышкерлер балдар лагерин аткылоого алышты. Бул тууралуу Казакстандын улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Владимир Жумаканов президент менен болгон жолугушуусунда билдиргенин "Казинформ" агенттиги маалымдады. Кылмышкерлер балдар эс алуу жайынын күзөттө турган кызматкерлерин сайсыз мылтыктан аткылашкан. 

Казакстандын президенти Актөбөдөгү террордук актыларга тиешеси барларды кармоо боюнча натыйжалуу чаралар көрүлүшү керектигин белгиледи. POST1RIGHT


"Биз алардын ушул эле аймакта экенин билебиз, алардын ким экендиги дагы бизге маалым. Алардын бардыгын, бирөөсүн да калтырбай кармоо зарыл. Эгер куралдуу каршылык көрсөтүлсө жок кылгыла. Бардыгы катаал түрдө жазаланышы керек",- деди Нурсултан Назарбаев. 

Эске салсак, 5-июнда Актөбөдө терракт орун алган. Буга чейин белгилүү болгондой, Актөбөдө мекеме-имараттарга кол салгандардын арасынан 13 кылмышкер куралдуу каршылык көрсөткөндүгү үчүн өлтүрүлгөн. Төртөө жараат алып, ал эми шектүү деген дагы 6 адам издөөдө жүрөт.