Пневмониядан 77 бейтап көз жумду
Новость

Кыргызстанда өткөн суткада пневмониядан 77 бейтап каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти. Буга чейин брифингде Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова коронавирус алты адамдын өмүрүн алганын айткан.

Бүгүндөн тарта Саламаттык сактоо министрлиги коронавирус менен пневмонияны кошуп бир статистика бере баштады. Ошондо бир сутка ичинде коронавирус менен пневмониядан 83 бейтап көз жумган. Көз жумган 77 кишинин 33 - Бишкек, Чүй облусу — 7, Ош облусу — 9, Талас облусу — 2, Нарын облусу — 3, Ысык-Көл облусу — 17, Жалал-Абад облусу — 11, Баткен облусу — 1.