“Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан өлкөнүн жетекчилигинин тапшырмасын ишке ашыруу жана Саламаттык сактоо министрлигинин 2020-жылдын 3-июлундагы № 496 буйругуна ылайык 908 керебет-орундуу 13 күндүзгү стационар райондордо иш жүргүзүп жатат ”, - деп билдирди Бишкек шаарынын вице-мэри Азизбек Алымкулов.
Ленин районунда – 267 керебет-орундуу 5 стационар;
Свердлов районунда – 250 керебет-орундуу 3 стационар;
Октябрь районунда – 151 керебет-орундуу 2 стационар;
Биринчи май районунда – 240 керебет-орундуу 3 стационар.
“Күндүзгү стационарлар саат 08:00дөн 20:00гө чейин иштейт. Мында калкка 216 медицина кызматкери жана 22 волонтёр медициналык жардам көрсөтүүдө. 22 дарыкана пункту кызмат көрсөтүп, 114 кычкылтек концентраты бар”, - деп билдирди Бишкек шаарынын вице-мэри Азизбек Алымкулов.
Анын айтымында күндүзгү стационарлар жайгашкан жерлерде электрондук кезек терминалдары орнотулуп жатат. Ал жакта эмгектенген медициналык кызматкерлерге акысыз тамактануу жана мейманканаларда жашоо уюштурулган.