Акыркы бир сутка ичинде коронавирус жуктурган жаңы 603 учур катталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди. Мындан улам, 17-июлга карата жугуштуу ооурга кабылгандардын жалпы саны 13 миң 101 адамга жетти.
Ал эми бир суткада 86 адам коронавирустан айыгып чыкты. Айнура Акмтованын айтымында, ооруканадан чыгарылгандардын кайталап алынган анализдери терс болуп чыккан. Бүгүнкү күнгө карата жалпы 6096 адам жугуштуу илдеттен айыгып, ооруканадан чыгарылды.