Өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал - Кыргызстан жаңылыктары
Новость KTRK/videograp

Өткөн бир сутка ичинде коронавирустан 6, ал эми пневмония оорусунан 77 адам каза тапты. Мындан улам жугуштуу оору өлкөдө пайда болгондон бери жалпы каза болгондордун саны 785 адамды түздү. Мындан ары саламаттыкты сактоо министрлиги, коронавирус инфекциясы менен пневмонияга чалдыккандардын статистикасын бирге эсептемекчи. Анткени дарыгерлер өпкөнүн сезгенүүсү ковид-19 илдетинен келип чыккан көрүнүш деген бүтүмгө келишкен.

Мындан улам, өткөн бир сутка ичинде коронавирус жана пневмония оорусуна чалдыккандардын жалпы саны 1600дөн ашты.

Ал эми бир сутка ичинде 86 бейтап коронавирустан айыгып, ооруканадан чыкты. Ал эми ооруканада жана үйдө изоляцияда дарыланып жаткандарды кошкондо, бүгүнкү күнгө карата өлкө аймагы боюнча жалпы 6 миң 96 киши айыкты. Акматованын айтымында, ооруканадан чыгарылгандардын кайталап алынган анализдери терс болуп чыккан.

Бул арада дарыгерлер коронавирус инфекциясынын белгилери пайда болгон жарандарга медициналык көрсөтмөлөр жок өзүн-өзү дарылоо кооптуу экенин эскертишүүдө. Саламаттык сактоо министрлигинин штаттан тышкаркы башкы инфекционисти, профессор Айнура Кутманова, айрым жарандар биринчи күндөн баштап дарыгердин көрсөтмөлөрү жок антибиотиктерди, гормоналдык дарыларды колдонуп жатканын жана мындай аракеттердин кесепети оор болорун айтат.

Андыктан дарыгерлер оорунун белгилери пайда болсо дары-дармек колдонуудан мурда көп кыймылдап, иммунитетти көтөрүүгө аракет кылуу керек дешет. Ал эми дары-дармекти медициналык кызматкерлердин кеңешинен кийин гана ичүүгө уруксат берилет.