Бул видео мындан 2-3 күн мурда эле тартылган экен. Демилгелүү жаштар борборунун ыктыярчылары жүрүп бараткан унаада бейтапка алгачкы жардамды көрсөтүп жатканын көрүүгө болот.
Мындай окуялар борбор калаада дээрлик күн сайын орун алууда. Ыктыярчылар бейтаптардын үйүндө, унаада, жада калса көчөлөрдө өзүн жаман сезгендерге жардам көрсөтүп, ондогон өмүрлөрдү сактаганга себепчи болушууда. Бирок, айрым учурларда аракетинен майнап чыкпай, кайгылуу бүткөн окуялар да жок эмес.
Бул ыктыярчылардын кезектеги чакырууга барып келгенден кийинки тартылган видеосу экен. Бишкектин Ак-Өргө конушунан бейтапты ооруканага алып келишсе, ал жерде орун жок, бир нече убакыттан кийин бейтап каза болуп калган.
Ыктыярчылар бейтаптарга күнү түнү жана акысыз түрдө кызмат көрсөтүүдө. Ал эми зарыл болгон жабдыктар жана дары-дармектерди демилгелүү жарандар чогултуп берген каражаттарга сатып алышууда. Айтмакчы, ыктыярчылардын ишине тез жардам кызматы жана патрулдук милициянын кызматкерлери көмөк көрсөтүүдө. Алар ыктыярчылардын унааларын коштоп, жаранды ооруканага тез жеткирүүгө шарт түзүп берип жатышат.
Оору жуктургандар көбөйүп, ага катар дарыгерлер жетишсиз болуп жатканда тез жардам кызматы бардык чакырууларга бара албай жатышат. Андыктан мындай оңой эмес кырдаалда ыктыярчылардын жардамы аба менен суудай керек болуп жатат. Анткени алар кесипкөй адистердей эле бейтаптарга жардамды көрсөтүп, адам өмүрүн сактоого болгон күч аракеттерин жумшап жатышат.