Кыргызстанда сутка ичинде пневмонияны кошкондо COVID-19 инфекциясынан 73 адам каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти. Маалыматка ылайык, Бишкек – 22, Чүй облусу – 2, Ош облусу – 15, Талас облусу – 2, Нарын облусу – 7, Ысык-Көл облусу – 1, Жалал-Абад облусу – 19, Баткен облусу – 5 адам коронавирустан (пневмонияны эсепке алганда) каза болду. Белгилей кетсек, азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 25 миң 47ге жетти.