Күндүзгү жана түнкү стационарларга, ооруканаларга борборлоштурулган кычкылтек киргизүү иштерин максималдуу түрдө тез арада жүзөгө ашыруу керек. Мындай тапшырманы тармактык мамлекеттик органдарга премьер-министр Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын жыйынында берди.
«Өкмөткө караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги борборлоштурулган кычкылтек киргизүү үчүн өлкө аймагындагы ооруканаларга ревизия жасап, схемасын түзүү керек. Ушундай эле иштерди Бишкек шаардык мэриясы да жүргүзүүсү зарыл. Өзгөчө реанимациялык бөлүм ачылган медициналык мекемелерге тез арада кычкылтек киргизүү зарыл», - деди өкмөт башчы.