Баткен облусуна Өкмөт тарабынан дагы 30 кычкылтек концентратору берилди
Новость

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан, Баткен облусу 30 кычкылтек концентраторун, 80 пульцоксиметр жана коргонуучу каражаттарды алды.

Медициналык жабдуулар район, шаарларга муктаждыкка жараша бөлүнүүдө.

Белгилей кетсек, буга чейин Өкмөт тарабынан Баткен облусуна 20 кычкылтек концентратору берилген.