“Семетей” госпиталында 227 бейтап дарыланууда
Новость KTRK/videograp

Мурдагы “Ганси” авиабазасында жайгашкан “Семетей” госпиталында бейтаптардын саны күндөн күнгө азаюуда. Жалпы 650 орунга ылайыкталган ооруканада 227 адам дарыланууда, анын 21 жандандыруу бөлүмүндө дарыгердин көзөмөлүндө. 

Республикалык штабдын тапшырмасына ылайык, госпитализация пунктуна жайгаштырылган бейтаптарга, аларды тейлөөгө тартылган медицина жана күч кызматкерлерин ар тараптуу камсыздоо иштери улантылууда. 

Обочолонгон жайдагы бейтап же кызматкер болобу 3 маал ысык тамак-аш, гигиеналык каражаттар менен камсыздоо жүргүзүлүп турат. Дезинфекциялоо иштери аткарылып, күнүнө бир маал тиричилик жана медициналык таштандылар чыгаруу жана жок кылуу иштери уюштурулган. 


Коммуналдык системанын иштери жолго салынып, дээрлик бардык корпуска суюлтулган кычкылтек кошулган. Бул госпиталда 173 медицина, өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 25 жана 15 милиция кызматкери иш алып барууда.