Өзбекстанда тез жардам кызматында иштеген дарыгерлерге кошумча 250 доллардан төлөнөт
Новость

Өзбекстанда тез жардам кызматында иштеген дарыгерлер пандемия маалында айлык акысына кошумча дагы 250 доллардан алышат.

Өкмөттүн тиешелүү токтому 20-июлда кабыл алынганын «Укуктук маалыматтар» Телеграм-каналы жазды.

Токтомго ылайык, коронавирус пандемиясы маалында 1 медицина кызматкеринен жана 1 айдоочудан турган, күнү-түнү иштеген тез жардам кызматынын кошумча мобилдүү бригадалары түзүлөт. Күчөтүлгөн режим учурунда анда иштеген дарыгерлер ай сайын 2,5 млн. сумдан ($245), орто медицина кызматкерлери 1,5 млн. сумдан ($146) жана айдоочулар 1,0 млн. сумдан ($100) кошумча төлөмдөрдү алышат.

Мындан тышкары Каракалпакстан республикасындагы, облустардагы жана Ташкент шаарындагы эпидемиологиялык абалга жараша тез жардам кызматынын мобилдүү топторунун убактылуу нормативдери бекитилет.