Кыргызстанда коронавирустан айыккандардын саны арбыды. Өлкөдө соңку суткада коронавирус менен пневмониядан 1667 адам сакайды. Бул айыккандардын саны боюнча бир күндүк эң жогорку көрсөткүч. Бирок бул эркин жүрүүгө негиз эмес. Ооруну дагы миңден ашык адам жуктуруп алды. Мындан улам дарыгерлер абал жеңилдей элек экенин айтып жатышат.