COVID-19 жана пневмония бириктирилип саналууда
Новость

Республикалык штаб, КОВИД-19 менен пневмонияны чогуу эсептей баштаганына беш күн болду. Лабораториялык негизде коронавирус аныкталгандарды жана ПЦР-тесттен жыйынтыгында илдет тастыкталбаганына карабай, клиникалык көрсөткүчү бар адамдарды бириктирип эсептөө бир нече себептерден улам кабыл алынган.