Жаңы окуу жылынын аралыктан билим алышына кандай даярдыктар көрүлүүдө?
Новость KTRK/videograp

Жаңы окуу жылынын биринчи чейрегинде окуучулардын аралыктан билим алышына даярдыктар көрүлүүдө. Бирок эпидемиологиялык кырдаал жакшырып калса, окуучулар мурдагыдай эле тартипте билим алышат. Ал эми агартуучуларды онлайн билим берүүгө үйрөткөн вебинарлар август айынан башталат. 

Билим берүү тармагындагы ушул жана башка маселелерди Президент Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков менен болгон онлайн кеңешмеде талкуулады. 

Өлкө башчы оорунун жайылышы ишке таасирин тийгизбеши керек экенин белгилеп, пандемиядан улам келип чыккан көйгөйлөрдү чечүү менен биргеликте келечекте билим берүү тутумун өркүндөтүү маселелерин иштеп чыгуу зарыл экенин айтты.