Биринчи класстын окуучуларын калыптанган режимде окутуу мүмкүнчүлүгү каралууда
Новость www

Билим берүү жана илим министрлиги биринчи класстын окуучулары үчүн калыптанган режимде окутуу мүмкүнчүлүгүн карап жатат. Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди. 

Айтымында, учурда министрликте эксперттердин, тажрыйбалуу адистерден, менеджерлерден жана башка адистерден турган консультативдик кеңеш иштеп жатат. 

«Биринчи класстын окуучуларын окутуу усулдары боюнча атайын топ иш алып барууда. Алар балдар ооруну кандай көтөрүшөт, инфекция жуктуруу коркунучу барбы же жокпу, башка өлкөлөрдө билим берүү системасы кандай уюштурулуп жаткандыгы тууралуу маалыматтарды изилдешет. Ар кандай жолдор каралууда. Бирок чечим кабыл алына элек, талкуу уланып жатат, — деди Надира Жусупбекова.

Чечим Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлгө, эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу болот.