Бир сутка ичинде өлкө боюнча 49 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды:
Бишкек ш. – 4
Чүй облусунда – 11
Ош ш. – 8
Ош облусунда – 5
Жалал-Абад облусунда – 1
Баткен облусунда – 7
Ысык-Көл облусунда – 9
Талас облусунда – 3
Нарын облусунда – 1
Ал эми бир суткада 17 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыгарылды. Мындан сырткары уй карантининен 52 медициналык кызматкер айыгып чыгарылды.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 2527 учур катталды, алардын ичинен 1160 медкызматкер айыкты.