Дүйнө жүзүндө коронавирус инфекциясын 15 миллиондон ашык адам жуктуруп алды
Новость KTRK/videograp

23-июлга карата дүйнө жүзүндө коронавирус инфекциясын 15 миллиондон ашык адам жуктуруп алды. Андан 8 миллион 588 757 адам айыгып чыкса, тилекке каршы 620 257 киши каза болду. Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Бул өлкөдө жалпы 3 миллион 955 860 адамдан коронавирус аныкталып, 142 942 адам каза болсо, 1 миллион 210  849 бейтап айыгып чыкты. 

Экинчи орунда Бразилия. Бул мамлекетте коронавирус инфекциясы 2 миллион 159 654 адамдан аныкталды. 81 487 адам каза болсо, 1 миллион 579 194 бейтап айыкты. Ал эми Индия өлкөсү үчүнчү орунда. Индияда 1 миллион 193 78 адам вируска кабылган. 28 732 бейтап көз жумса, 753 050 бейтап оорудан сакайган.