Казакстанда окуучулар биринчи чейректи толугу менен аралыктан окуйт
Новость www

Казакстанда окуучулар биринчи чейректи толугу менен аралыктан окуйт. Бул тууралуу өлкөнүн билим берүү жана илим министри Асхат Аймагамбетов билдирди. Анын айтымында кийинки чейректер тууралуу чечим эпидемиологиялык кырдаалга жараша болот. 

Ошол эле маалда министр экинчи, үчүнчү жана төртүнчү чейрек үчүн усулдук куралдар менен сабактарды даярдоо боюнча иш жүрүп жатканын айтты. Мектептерде салттуу линейкалар, массалык иш-чаралар жыл соңуна чейин өткөрүлбөйт. 

Министрдин айтымында, эпидемиологиялык абал жакшырса, алгач башталгыч класстар, андан соң бешинчи, алтынчы, кийинчерээк жогорку класстар мурдагыдай тартипте билим ала баштайт. 

Министр аралыктан окутуу учурунда мугалимдерге күч келип жатканына карабай, азырынча мугалимдердин айлык акысы жогорулабай турганын кошумчалады.