22-июлда күнздүзгү стационарларга 2 905 тургун медициналык жардам алууга кайрылды. Мында оң динамика байкалууда – кайрылгандар азайып жатат. Алсак, бир жума мурда бейтапканаларга дээрлик 4 500 тургун кайрылган.
- 22-июлдан 23-июлга караган түнү түнкү стационарларга 581 адам кайрылды.
- 23-июлга карага күндүзгү ооруканалар 63 130 адамды кабыл алып, 330 адам ооруканага жаткырылды. Ошондой эле 15-июлдан 23-июлга чейин үч түнкү стационар 4 898 адамды кабыл алып, 16 жаран ооруканага жаткырылган.
Эске салсак, эртең мененки саат 8ден кечки 8ге чейин шаар тургундары медициналык кеп-кеңештерди, капельница жана инъекцияларды 13 күндүзгү стационарда алууда, ал эми калган убакытта меджардам 3 түнкү стационарда көрсөтүлүүдө.
Жеринде дарыгерлер, медайымдар, санитарлар, ординаторлор жана ыктыярчылар топтору нөөмөттө турат. Персонал жана тартылган адистер жеке коргонуу каражаттар, тамак-аш, убактылуу турак жай менен камсыздалган.