«Стационарлар сөзсүз керек. Кыска мөөнөттүн ичинде алар медициналык мекемелердин жүгүн бир топ жеңилдетип, өзүнүн натыйжалуулугун көрсөттү», - деп белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков 23-июлда, Талас шаарындагы күндүзгү стационарга барган учурунда.
Ошону менен бирге мамлекет жакында өлкөнүн бардык аймактарында комплекстүү ооруканаларды инвесторлорду тартуу менен кура баштайт, ошондой эле колдо болгон имараттар күз-кыш мезгилине даярдык көрүүнүн алкагында модернизацияланат.



