Талас районунун Көк-Ой айылындагы кароосуз калган медицина борбору оңдолот
Новость Султан Досалиев

Бүгүн, 23-июлда, Президент Сооронбай Жэнбеков, Талас районунун Көк-Ой айылындагы кароосуз калган үй-бүлөлүк медицина борборунун имаратын көрүп чыкты. Имарат акыркы 15 жылдан бери иштебей турат. Реконструкциядан кийин анда бир мезгилде 300гө жакын адам дарылана алат.

Аймактардагы кароосуз калган имараттарды реконструкция кылуу жана заманбап оорукана катары багытын өзгөртүү үчүн ревизия жүргүзүлөт. Бул багытта иштер башталды.