POST1RIGHT
Өлкөдө эпидемиологиялык абал дагы деле кооптуу бойдон. Мындан улам кырдаал катуу көзөмөлдө. Ооруканада оор абалда жаткандар бар. Акыркы суткада жугуштуу оорудан пневмонияны эсепке алганда 46 адам каза болду. Сутка ичинде 967 адам коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Ошондо өлкө боюнча коронавируска чалдыккандардын саны 30 миңден ашты. Ошол эле учурда миңден ашык адам оорудан сакайып, үйлөрүнө чыгарылды.