Соңку сутка ичинде коронавирус илдетинен республика боюнча миңден ашык бейтап сакайды
Новость KTRK/videograp

POST1RIGHT

Соңку сутка ичинде COVID-19 илдетинен жана пневмонияны эсепке алганда республика боюнча миңден ашык бейтап оорудан сакайды. Жугуштуу тумоону жеңгендердин төрт жүзгө жакыны Бишкек шаарындагы ооруканалардан жакшы болуп чыгышты. Эми алар үй-бүлөлүк дарыгердин көзөмөлүндө дарылануусун улантат.

Жугуштуу ооруну жеңген Аламүдүн районунун тургуну Роза Бегалиева дарыгерлерге алкыш айтып, үйүнө чыгып жатат. Өпкөсүнүн эки тарабы сезгенип, ооруканага 14 күн мурда оор абалда түшкөн. Адегенде дене-табы көтөрүлүп, жөтөлү басылбай, жаны кыйналганын айткан Роза айым учурда ден соолугу кыйла жакшырып калды, - дейт.