POST1RIGHT
“Кыргызстан - экологиялык жактан таза айыл чарба өнүмдөрүнүн өлкөсү, биз мындан ары дагы бул брендди өнүктүрөбүз. Аймактарды өнүктүрүү мамлекеттик саясатынын алкагында өлкөнүн экспорттук потенциалын колдоо күчөтүлөт”. Бул тууралуу Президент Сооронбай Жээнбеков Талас облусуна болгон иш сапарында Көк-Кашат айылындагы дыйкан чарбанын иши менен таанышуу учурунда билдирди. Президенттин аймактарга болгон сапары уланууда.
Бүгүн өлкө башчы бүгүнкү иш сапардын алкагында Талас шаарындагы күндүзгү стационарга барды, Бакай-Ата районундагы «Победа» трансформатордук көмөк чордонунун иштөөсү менен таанышып, мындай кыйын мезгилде электр кубаты менен үзгүлтүксүз камсыздоо тапшырмасын койду.