Сестенткен "Семетей" госпиталында санитардык абал кандай?
Новость KTRK/videograp

POST1RIGHT

Адегенде обсервациялык жай болуп ачылган "Манас" эл аралык аэропортуна жакын "Семетей" аймагы учурда, чоң бир госпиталга айланган. Буга чейин госпиталдагы шартка нааразы болуп, ал жердеги абалды видеого тартып социалдык тармактарга жарыялагандар көп болгон. Дарыгерлер ушул тапта абал алда канча жакшы жагына өзгөргөнүн айтууда. 

Оорукана издеп карайлап, өмүрдүн ар бир мүнөтү баалуу болуп жаткан кезде, "Манас" эл аралык аэропортунун аймагына жетүү кылымга тете болуп кетет. Карыш жылган сайын орнотулган камераларды эске алып, орточо ылдамдыкта жол жүргөндө "Семетей" госпиталына кеминде бир саатка чукулдап араң жетесиң.