Билим берүү жана илим министрлигинде аралыктан окутууну уюштуруу боюнча эксперттик-консультативдик кеңеши иштеп жатат. Анын курамында педагогдор, эксперттер, билим берүү тармагындагы менеджерлер иш алып барууда. Түзүлгөн кеңештин мүчөлөрү беш топко бөлүнүп, ар бири тиешелүү багыттар боюнча иш алып барууда.
Белгилей кетсек, түзүлгөн эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу жаңы окуу жылынын биринчи чейрегин аралыктан уюштуруу пландалып жатат. Кырдаал жакшы жагына өзгөрүүсү менен окуучулар мектепке окууга келишет.