Бир суткада 53 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алган
Новость KTRK/videograp

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 53 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Анын ичинде дарыгерлердин арасында 22 учур катталды.

Ал эми бир суткада 74 медициналык кызматкер ооруканалардан жана үй карантининен айыгып чыгарылды. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 2580 учур катталды, алардын ичинен 1234 медкызматкер айыкты.