Кыргызстанда калктын канча пайызы коронавирус менен ооруганын аныктоо үчүн изилдөө жүргүзүлүп жатат. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынында Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди. Айтымында, учурда өлкөдө коронавирус жуктургандар калктын 0,5%ын түзөт. “Албетте эл арасында оорунун белгилери байкалбай өтүп жаткандары да бар.
Учурда канча адам ооруп айыкканын же ооруп айыкканын аныктоо үчүн иммуноферменттик изилдөө жүргүзүлүп жатат. Аны өлкөдөгү тиешелүү уруксатка ээ болгон жеке лабораториялар жүргүзүүдө. Ага ылайык маалыматтар Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан такталып, калктын канча пайызы жугуштуу вирус менен ооруганы эсептелип, бул боюнча маалымат берилет”- деди ал. Андан тышкары калктын арасында канча пайыз адамда иммуноглобулин иштелип чыкканын билүү үчүн Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан аймактарда ар кыл жаш курактагы адамдар арасында иммуноферменттик анализ жүргүзүлө баштайт-деди Акматова.