Кийинки пандемияны алдын алуу үчүн айрым адаттардан арылуу керек. Анын ичинде жолугушууда кол алышып учурашуудан баш тарткан оң. Мындай пикирин тропикалык медицина жана гигиена боюнча Лондон мектебинин микробиологу билдирген. Окумуштунун сунушун чет элдик басылмалар жазууда.
Илимпоздун ою боюнча, салтка айланып калган кол алышып учурашууну япондордукундай саламдашууга алмаштыруу керек. Ал курч мүнөздөгү респиратордук вирустук инфекциялардын убагында бет кап тагынуу жана аралыкты сактоо коомдо адатка айланып калышы зарыл деп эсептейт. Далил иретинде ал Австралиянын статистикасын мисал келтирген. Бул мамлекетте аралыкты сактоо чаралары киргизилгендиктен, сасык тумоо же башка инфекциялык ооруга кабылгандардын саны азайганы байкалган.