Бир сутка ичинде өлкө боюнча 28 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды:
Бишкек ш. – 5
Чүй облусунда – 6
Ош ш. – 4
Ош облусунда – 6
Талас облусунда – 2
Жалал-Абад облусунда – 2
Баткен облусунда – 3
Ал эми бир суткада 19 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыгарылды. Мындан сырткары үй карантининен 60 медициналык кызматкер айыгып чыгарылды.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 2661 учур катталды, алардын ичинен 1384 медкызматкер айыгып чыкты.