COVID-19: Дүйнөдөгү абал
Новость KTRK/videograp


Дүйнөдө коронавирустан айыккандардын саны 9 млн 43 миң 205 адамды түздү. Бул тууралуу Жонс Хопкинс университетинин атайын жүргүзгөн эсебинде көрсөтүлгөн. Маалыматка ылайык, коронавирусту жуктургандардын ичинен 639 миң 656 киши каза болгон. Ал эми илдетти 16 млн 48 миң 100 адам жуктуруп алды. Коронавирусту АКШда − 4 млн 178 миң киши, Бразилияда − 2 млн 294 миң, Индияда – 1 млн 385 миң, Россияда − 805 миң, Түштүк Африка Республикасында − 263 миң адам ооруну жуктурган.