COVID-19: Сакайгандардын саны арбыды
Новость KTRK/videograp


Кыргызстанда дагы 1 миң 185 киши коронавирустан айыгып чыкты. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча Республикалык штабдан билдиришти. Бишкек шаарында 612 киши, Ош шаарында - 57, Чүй облусунда - 149, Ош облусунда - 107, Нарын облусунда - 52, Ысык-Көл облусунда - 12, Жалал-Абад облусунда - 105, Талас облусунда - 42, Баткен облусунда 49 бейтап коронавирустан айыгып чыккан. Өлкө боюнча коронавирустан сакайып чыккандардын саны 20 388 кишиге жетти.