Коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү боюнча республикалык штабдын суроо-талаптарынын негизинде ата мекендик IT жана Саламаттык сактоо министрлигинин адистери 2 күндүн ичинде эле жаңы санариптик чечимдерди иштеп чыкты.
Ачылган стационарлардын жана ооруканалардын интерактивдик онлайн картасы, ошондой эле борбордук мекемелерде койка-орундарды, медициналык жабдууларды жана кызматкерлерди эсепке алуу системасы.