22 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды - Кыргызстан жаңылыктары
Новость

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 22 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды:


 Чүй облусунда – 3

 Ош ш. – 1

 Ош облусунда – 6

 Жалал-Абад облусунда – 7

 Баткен облусунда – 4

 Нарын облусунда – 1


Ал эми бир суткада 12 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыгарылды. Мындан сырткары үй карантининен 48 медициналык кызматкер айыгып чыгарылды.


Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 2683 учур катталды, алардын ичинен 1478 медкызматкер айыкты.