Өлкөдө коронавирустан сакайгандардын саны күн сайын өсүүдө - Кыргызстан жаңылыктары
Новость KTRK/videograp

Өлкөдө коронавирустан сакайгандардын саны күн сайын өсүп жатат. Өткөн түнү дагы 817 бейтаптын кайталап алынган анализдери таза чыккан. Анын 445и Бишкек шаарындагы ооруканалардан дарыланып чыккандар. Муну менен өлкө боюнча коронавирус менен пневмонияны эсепке алганда ооруну жеңгендердин жалпы саны 20 миңден ашты. Дарыгерлердин айтымында, минтип айыккандардын арбышы, алардын түйшүгүн кыйла жеңилдетүүдө.