Сегиз медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды
Новость

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 8 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды:

 Ош ш. – 3

 Ош облусунда – 1

 Жалал-Абад облусунда – 3

 Талас облусунда – 1


Ал эми бир суткада 8 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыгарылды. Мындан сырткары үй карантининен 34 медициналык кызматкер айыгып чыгарылды.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 2691 учур катталды, алардын ичинен 1520 медкызматкер айыкты.