Оорукана жана стационарлардагы бош орундар (Даректери)
Новость KTRK/videograp

Саламаттык сактоо министрлиги Бишкектеги ооруканаларда коронавируска кабылган бейтаптарды дарылоо үчүн 1 367 бош орун бар экенин билдирди. Күндөн-күнгө ооруканалардагы бош орундардын саны көбөйүп, бейтаптардын азайганы байкалууда. Азыркы учурда "Семетей" ооруканасында, Улуттук госпиталь жана Воронцовкадагы санаторийде бош орундар көбүрөөк. 

"Гансидеги" ооруканада — 531; Улуттук госпиталда — 164; Воронцовкадагы санаторийде — 205, №1 интернатта — 100, Республикалык наркология борборунда — 89, Азиздер жана көрүүсү начар балдар интернатында — 48, №1 шаардык клиникалык ооруканасында — 34, "Ынтымак" медресесинде— 37, Темир жол ооруканасында — 17, Дайыр Асанов атындагы аскер лицейинде — 47 жана Улуттук кардиология жана терапия борборунда — 15,

Rixon мейманканасында — 21, Кыргыз мамлекеттик медицина академиясында — 22, Discovery мейманканасында — 23,

Улуттук хирургия борборунда — 14 орун бош. Буга чейин Бишкек шаарынын мэриясы күндүзгү стационарларга кайрылгандардын саны дагы кыйла азайып жатканын билдирген.