Дарыгерлердин айтымында акыркы апталарда Кыргызстанда коронавирус менен ооругандар басаңдаганы байкалды. Учурда шаардык мэриянын күндүзгү стационарларга кайрылгандар азайып, бош орундар көбөйдү. Буга байланыштуу айрым бөлүктөрдө дарыгерлер да эс алууга эмгек өргүүсүн баштады. Азыркы тапта келген бейтаптар 54% га азайды. Жалпы 13 жерге ачылган стационарга 72 миңден ашык шаар тургундары кайрылган.