Учурда Ош шаарындагы стационарларда 625 адам дарыланып жатат - Кыргызстан жаңылыктары
Новость www

Ош шаарындагы 18 изоляцияда 1 миң 182 орун даярдалган. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. 

Мэриянын маалыматына таянсак, 28-июлга карата шаарда стационарларда 625 адам дарыланып жатат. Ал эми 570 орундук бош турат. Шаарда алты күндүзгү стационар иштеп жатат. Анын ичинен 4 стационар бейтаптарды күнү-түнү кабыл алат. Стационарлар шаардын Төрөбай Кулатов кичи районундагы “Газпром” спорт комплексинде, Манас-Ата кичи районундагы “Каныкей” ресторанында, Алишер Навои мектебинде, Амир-Темирдеги “Дорул-Шифо” жеке клиникасында, Ак-Тилек кичи районундагы Кыргыз-Түрк достук мектебинин спорт залында жана Туран кичи шаарчасындагы медреседе жайгашкан.