20 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды
Новость

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 20 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды:

 Ош ш. – 1

 Чүй облусунда – 10

 Ош облусунда – 1

 Жалал-Абад облусунда – 6

 Ысык-Көл облусунда – 1

 Талас облусунда – 1


Ал эми бир суткада 7 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыгарылды. Мындан сырткары үй карантининен 68 медициналык кызматкер айыгып чыгарылды.


Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 2711 учур катталды, алардын ичинен 1595 медкызматкер айыкты.