Боронов: "Коронавируска каршы күрөшүүдө зарыл болгон обьектилердин курулушу мөөнөтүндө аткарылат"
Новость www

Социалдык маанидеги, өзгөчө коронавируска каршы күрөшүүгө багытталган иште зарыл болгон объектилердин курулушун мөөнөтүндө аяктоо зарыл. Бул тууралуу Премьер-министр Кубатбек Боронов объекттердин капиталдык курулуш долбоорлору маселеси боюнча өткөрүлгөн кеңешмеде билдирди. 

Өкмөт башчы бул социалдык жана инфраструктуралык объектилердин курулушунун сапатын камсыз кылуунун маанилүүлүгүн белгиледи. «COVID-19га каршы күрөшүү чараларынын алкагында учурда 9 объектиде курулуш иштери жүрүүдө. Бул Бишкек жана Ош шаарларында эки оорукананын курулушу, ошондой эле республиканын 7 облусунда багыты өзгөртүлүп, бейтапканага ыңгайлаштырылып жаткан объектилер. "Мен бардык курулуш иштери белгиленген мөөнөттө – 1 айдын аралыгында аяктоосу зарыл экенин баса белгилегим келет. 

Тармактык мамлекеттик органдарга сапат жана өз учурунда бүткөрүү боюнча катуу талап коём. Мындан тышкары Финансы министрлиги медициналык жабдууларды сатып алуу үчүн жетиштүү деңгээлдеги каржылоону камсыз кылуусу шарт», - деди Кубатбек Боронов.