Россиялык дарыгерлер менен биргеликте коронавирусту дарылоонун жаңы версиясы даярдалууда
Новость www

Саламаттык сактоо министрлиги россиялык дарыгерлер менен биргеликте COVID-19ду дарылоо боюнча клиникалык протоколдун төртүнчү версиясын иштеп чыгууда. Бул тууралуу маалымат жыйында вице-премьер-министр Аида Исмаилова билдирди. 

Анын айтымында, учурда Кыргызстанда кыргызстандык адистер иштеп чыккан COVID-19ду дарылоо боюнча протоколдун үчүнчү версиясы колдонулуп жатат. 

"Биздин медицина кызматкерлердин Россиядан келген медицина кызматкерлер менен болгон жолугушууларынан кийин Саламаттык сактоо министрлиги протоколдун төртүнчү версиясын россиялык дарыгерлер менен биргеликте иштеп чыгуу чечимине келди. Жакынкы күндөрү ал даяр болот", - деди ал Аида Исмаилова.