Монголияда коронавирус илдетине чалдыккандардын жалпы саны 291ге жетти
Новость www

Монголияда акыркы сутка ичинде 2 кишинин инфекция жуктургандыгы аныкталды. Жыйынтыгында Монголияда жугуштуу вирус менен ооругандардын жалпы саны 291ге жетти. 

Коронавирусту аныктоочу анализдин натыйжасында 14 жаштагы кыздан жана 50 жаштагы аял кишиден оорунун белгилери аныкталган. Алар Монголияга башка өлкөдөн учуп келип, 14 күндүк карантинге алынгандар. Мындан тышкары, өлкөдө 21 жана 22 жаштагы 3 бейтап илдеттен айыгып, ооруканадан чыгарылган. Ал эми коронавирустан сакайгандардын жалпы саны 225ге жетти.