Өзбекстанда коронавирус илдетине чалдыккандар көбөйдү
Новость www

Өзбекстандын Саламаттык сактоо министрлиги коронавируска чалдыккандар көбөйүп, жаңы рекорддук көрсөткүч катталганын билдирди. 

Өлкөдө сутка ичинде жугуштуу ооруга 684 адам чалдыккан. Анын 125и карантинге алынгандардын арасынан тастыкталды. Ал эми 559у коронавирус менен ооруган бейтаптар менен байланышта болгондор. 

Мындан тышкары, акыркы суткада Ташкентте 5 адам вирустун кесепетинен каза болду. Учурда, инфекция жуктургандардын жалпы саны 21 893гө жетип, анын 12 265и вирусту жеңген. Ал эми 9502 бейтап дарылануусун улантууда. Алардын 91 и оор абалда.