Бир сутка ичинде өлкө боюнча 25 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды:
Бишкек ш. – 2
Ош ш. – 4
Ош облусунда – 6
Жалал-Абад облусунда – 6
Талас облусунда – 1
Баткен облусунда – 6.
Ал эми бир суткада 6 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыгарылды. Мындан сырткары үй карантининен 44 медициналык кызматкер айыгып чыгарылды.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 2768 учур катталды, алардын ичинен 1714 медкызматкер айыкты.