Коронавируска кабылгандарды дарылоо үчүн канча бош орун бар экени маалым болду
Новость

Саламаттык сактоо министрлиги Бишкектеги ооруканаларда коронавируска кабылган бейтаптарды дарылоо үчүн 1 343 бош орун бар экенин билдирди. Маалымат бүгүн саат 8.00гө карата берилген. Учурда коронавируска кабылгандар төмөндө көрсөтүлгөн ооруканаларга кайрылса болот. 

"Семетей" ооруканасына, Воронцовкадагы санаторийге, Улуттук госпиталь, №1- интернат, республикалык наркология борборуна, Кыргыз мамлекеттик медицина академиясына жана - Дайыр Асанов атындагы аскер лицейи, №1 шаардык клиникалык оорукана, Улуттук кардиология жана терапия борбору, Азиздер жана көрүүсү начар балдар интернаты, "Ынтымак" медресесине, Rixon мейманканасы, Улуттук хирургия борбору, Темир жол ооруканасы жана Улуттук фтизиатрия борборуна кайрылып дарыланса болот.