АКШда COVID-19 вирусунан каза болгондордун жалпы саны 150 миңден ашты. Бул дүйнө жүзү боюнча эң жогорку көрсөткүч. Бирок, кооптуу тумоодон көз жумгандардын саны баштагыга салыштырмалуу кыскарып калганы байкалды. Мисалы, апрель айында Ковид-19дан күнүнө эки миңге жакын адам каза болгон учурлар катталган. Бирок айрым штаттарда кырдаал оор бойдон сакталууда.
Дүйнөдө жугуштуу тумоодон каза болгондордун саны боюнча Бразилия экинчи орунда. Алсак бул өлкөдө 90миң адам илдеттен каза болду. Коронавирусту жуктуруп алгандардын саны өсүп жаткандыгына карабастан, өлкө бийлиги чет элдиктер жарандар үчүн аэропорттордун эшигин ачты.
Ал эми Европа өлкөлөрүндөгү абалга токтолсок, Германияда эң көп инфекция жуктургандар Бавария менен Берлинде аныкталды. Жалпы жолунан кайтыш болгондордун саны 209 миңге чамалады. Мындан улам, Германиянын аэропортторунда кошумча коопсуздук чаралары күчөтүлдү.
Францияда да бир айдан бери вирус жуктургандар көп катталууда. Бир күн мурда 24 сааттын ичинде коронавирус жуктурган жаңы 1400 учур катталды.
Италиянын парламенти өлкөдө өзгөчө кырдаал режимин 15-октябрга чейин узартууну жактырды. Өлкөдө коронавирус жуктургандардын жалпы саны 246 миңден ашты. Алардын ичинен 35 миңден ашуун бейтап кайтыш болду.