Новосибирск шаарында коронавируска каршы вакцина ноябрь айынан тарта чыга баштайт
Новость www

Новосибирск шаарындагы "Вектор" борбору коронавируска каршы вакцинаны ноябрь айынан тарта чыгара баштайт. Бул тууралуу ишкананын директору билдиргенин аталган өлкөнүн маалымат булактары жазды. 

"Ноябрь айында вакцинаны чыгара баштайт. Андыктан жылдын аягында же келерки жылдын башында вакцина жок дегенде калктын аялуу тобуна жетет. Андан соң элге массалык түрдө жасалат", — деп айтылат маалыматта. 

Буга чейин Орусиянын саламаттык сактоо министрлиги вакцинация акысыз болорун,  ал эң биринчиден медиктер менен мугалимдерге жасаларын айткан. Эске салсак, буга чейин "Вектор" борборунун адистери түзгөн үч вакцинанын прототиби сыноодон ийгиликтүү өткөн.